ОшМУда жаңы окуу жылы башталды

Главная Новости

ОшМУда жаңы окуу жылы башталды

Image

Бүгүн, 15-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин лицей, гимназия, коллеж, факультет жана институттарында жаңы окуу жылынын башталышына карата Билим күнүнө арналган иш-чаралар өттү. 

Ага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Билим күнүнө арналган жыйындарда жаңы окуу жылына коюлган максаттар, билим берүү процессиндеги жаңычылдыктар, студенттер үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болду.

«Билим – мамлекеттин өнүгүүсүнүн, коомдун келечегинин жана ар бир инсандын ийгилигинин негизги пайдубалы. Ошондуктан жаңы окуу жылы ар бирибиз үчүн жаңы максаттардын, жаңы изденүүлөрдүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болсун», – деди Кудайберди Кожобеков.

Ошондой эле ректор окуу жайдын босогосун алгачкы жолу аттаган студенттерди жаңы студенттик жашоонун башталышы менен куттуктап, аларды сапаттуу билим алууга, өз кесибин терең өздөштүрүүгө, келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү мыкты адис болууга чакырды.

Билим күнүнө арналган иш-чараларда студенттерге университеттин ички тартиби, окуу процесси, санариптик билим берүү ресурстары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. 

Быйыл ОшМУда кытай тили жана архитектура багыттарын тандаган студенттердин саны басымдуулук кылды.

 

Фотогалерея