ОшМУ жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты

Главная Новости

ОшМУ жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты

Image

Президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 19-сентябрда өлкө боюнча ишембилик өттү.

Улуттук тазалык күнүнө арналган ишембиликке Ош мамлекеттик университетинин жамааты да активдүү катышты. Анда окуу жайдын аймагы, окуу корпустарынын ичи жана сырты тазаланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Университеттин жамааты коомдук жайларды таза кармоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жашылдандырууга багытталган иш-чараларга байма-бай катышып келет.

Фотогалерея