Баткен окуяларында курман болгондор эскерилди

Главная Новости

Баткен окуяларында курман болгондор эскерилди

Image

26-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары коллежинде Баткен окуяларында мекенди коргоп курман болгон баатырлар эскерилди.

Иш-чарада Куралдуу күчтөрдүн Аскер ардагерлер коомунун төрагасы, запастагы полковник Мухамадхалыл Парпиев баштаган ардагерлер баяндама жасашты. Алар Баткен окуяларынын тарыхый мааниси, өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин тынчтыгын коргоодо аскерлердин көрсөткөн эрдиги тууралуу айтып беришти. Ошондой эле мекенчилдик сезимди жаш муундун аң-сезимине сиңирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Эскерүү иш-чарасына коллеждин окутуучулары менен студенттери катышты. Иш-чара жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого жана Ата Журт үчүн жанын берген баатырлардын эрдигин кийинки муундарга жеткирүүгө багытталды.

Фотогалерея