ОшМУнун ректору журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Главная Новости

ОшМУнун ректору журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Image

7-ноябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Жолугушууда ал журналисттердин коомдогу ордуна токтолуп, маалымат таратуудагы эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бир катар журналисттерге майрамдык белектерин тапшырды.

Мындан тышкары Кудайберди Кожобеков ОшМУда акыркы жылдары аткарылган иштер, билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктер, эл аралык кызматташтык жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.

Фотогалерея