Кыргызстандын Пакистандагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси чыгыш таануучуларга конок лекция окуду

Image

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов 7-мартта ОшМУнун Чыгыш таануу институтуна онлайн конок лекция окуду. Ага профессордук-окутуучулук курам, студенттер, магистранттар катышты.

​Элчи "Кыргызстан-Пакистан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" темасында маалымат берип, суроолорго жооп берди.

“Конок лекцияда катышуучулар пайдалуу маалыматтарды алышты”, - деди институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев.

Авазбек Атаханов чыгыш таануучу, 30дан ашуун чет тилдерин өздөштүргөн. Түштүк Азия өлкөлөрү (Пакистан, Афганистан, Иран) боюнча адис болуп саналат. 

 

Фото галерея