ОшМУ QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кирди

Image

Кыргызстандын тарыхында Ош мамлекеттик университети биринчи болуп QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кошулду. ОшМУ аталган рейтингге заманбап тилдер программасы боюнча 301-350-позиция менен дебют жасады.

Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды.

QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2025-жылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан турат. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент.  

Жарыяланган предметтик рейтингге Казакстандын 11, Өзбекстандын 5 университети кирген. Кыргызстандан Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кошулду.

“Борбор Азиядагы улуттук жогорку билим берүү системалары өнүгүүнү улантууда. QS World University Rankings by Subject 2025 предметтик рейтингде аймактагы алты университеттин дебюту менен белгиленген оң динамикасын баса белгилегим келет”, - деди QS компаниясынын улук вице-президенти Бен Саутер.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында АКШнын, Улуу Британиянын, Канаданын, Швейцариянын, Нидерландия, Италиянын ЖОЖдору турат.

Чыгыш Азия өлкөлөрү, анын ичинде Түштүк Корея, Кытай (континенттик бөлүгү) жана Гонконг университеттери маанилүү өсүштү көрсөттү. Ошондой эле Батыш Азия жана Араб регионунда рейтингге кирген окуу жайлардын саны көбөйдү.

Предметтик рейтингде дүйнөнүн 101 өлкөсүндөгү жана аймагындагы 1756 жогорку окуу жайдын  21 миңден ашуун билим берүү программасы көз карандысыз салыштырма анализден өткөн.

Дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин предметтик рейтингин түзүүдө QS төмөнкү беш негизги көрсөткүчтү колдонот:

  • Академиялык репутация;
  • Иш берүүчүлөр арасындагы аброю;
  • Бир басылмага берилген цитаталардын саны;
  • h-индекс
  • Эл аралык илимий кызматташтык индекси.

Бул ийгилик биздин студенттерге сунушталып заманбап тилдер боюнча билим берүү жана илимий программалардын жогорку сапатын тастыктайт.

ОшМУ 2024-жылы QS World University Rankings  рейтингинде Азияда 260-орунду,  Борбордук Азияда 13-орунду ээлеген. Буга чейин окуу жай “IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлеген.  QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ . 

МААЛЫМАТ ТУУРАЛУУ ШИЛТЕМЕ