Квалификацияны жогорулатуу борбору Өзбекстан менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Квалификацияны жогорулатуу борбору Өзбекстан менен кызматташат

Image

ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору менен Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинин педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча аймактык борборунун ортосунда 4-мартта меморандум түзүлдү.

Эми окуу жайлардын тренерлери жана угуучулары эки жакта тең тажрыйба алмашып, окуудан өтсө болот. 

Ага улай эле Квалификацияны жогорулатуу борбору Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен да келишим  документине кол койду. Анын алкагында калаадагы мектеп мугалимдерин республикалык тестке, окуучуларды олимпиадага даярдоо жана мектеп директорлорун январь, февраль, март айларында окутуу каралды.

Буга чейин Ош шаарындагы 700дөн ашуун  предметтик мугалимдер окутуудан өткөн. Учурда окуучулар предметтик олимпиадага даярдалып жатат. 

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору жыл бою 28 багыт боюнча кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу жана окуу курстарын уюштуруп келет. 

 

Фото галерея