
ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун окутуучулары Нургул Султаналиева менен Ульзана Исламованын долбоору “Менин өлкөмдүн, шаарымдын, кыштагымдын, районумдун туристтик коду – PRO Туризм” эл аралык сынагында үчүнчү орунду багындырды.
Долбоор “Ош – Улуу Жибек жолунун башкы туристтик провайдери” деп аталып, экскурссиялык туризм багытында жасалган. Сынактан жеңген долбоорлор ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, туристтик компанияларга сунуш катары жөнөтүлөт.
Аталган сынак Орусиянын Москва шаарында 18-марттан 20-мартка чейин болуп өттү. Ага Сербия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан 900гө жакын катышуучулар барды.