
28-29-30-майда түрк дүйнөсүнүн Биринчи жаш акындарынын поэзия фестивалы Ош мамлекеттик университетинин базасында өтөт. Бул тууралуу 26-мартта окуу жайда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин катышуусунда өткөн жыйында белгилүү болду.
Аталган иш-чара кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата уюштурулууда. Жыйында уюштуруу иштери боюнча сөз болду.
Поэзия фестивалы ТҮРКСОЙдун колдоосу менен өткөрүлөт. Ага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындары катышат.