Коллеждер аралык олимпиадада ОшМУнун студенттери байгелүү орундарды ээлешти

Башкы Окуялар

Коллеждер аралык олимпиадада ОшМУнун студенттери байгелүү орундарды ээлешти

Image

“Кыргызстан тарыхы” предмети боюнча өткөн билим таймашында Эл аралык билим берүү программалары коллежинин студенттери Фарзона Сайитова 1-орунду, Айбийке Алибаева 2-орунду ээледи. Ал эми Таңнуру Сыдыкова менен Айдана Райимбаева 3-орунга татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөр дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Студенттерди олимпиадага окутуучулар Айжамал Абдырахманова, Максатай Садыкова жана Айгүл Ормонова даярдашкан.

Иш-чара 6-апрелде Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өттү. Ага Ош шаарындагы сегиз коллежден 9-класстын базасында 1-курста билим алып жаткан студенттер катышты. Олимпиада кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы предметтери боюнча уюштурулду.

 

Фото галерея