Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Бүшарипа Үкүеванын демилгеси менен Өзгөн районунун Арагөл айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте “Билим булагы” аттуу жеке китепкана ачылып, иштеп баштады.
Китепканынын салтанаттуу ачылышы 6-апрелде болду. Иш-чарага билим берүү тармагынын өкүлдөрү, окумуштуулар, мугалимдер жана окуучулар катышты. Алар бул демилге окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, илимий изилдөөлөргө багыт бере турган маанилүү кадам экенин белгилешти.
“Билим булагы” китепканасында илимий, көркөм жана окуу-методикалык адабияттар топтолуп, окурмандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Китепкана окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Мектеп жетекчилиги профессор Бүшарипа Үкүеванын билим берүү тармагына кошкон салымын жогору баалап, буга чейин өз каражатынын эсебинен ачкан “Манас” канаасы үчүн да ыраазычылык билдирди. Алардын айтымында, китепкана бул жөн гана китеп сактоочу жай эмес, келечек муундун билимине жол ачкан маанилүү руханий борбор болот.