Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков Кытайда өтүп жаткан Сиань Цзяотун университетинин 130 жылдык мааракесине жана дүйнөлүк алдыңкы университеттердин ректорлорунун форумуна катышууда.
Анда Кожобеков “Глобалдашкан дүйнөдө келечек кадрларды даярдоонун жолдору” аттуу панелдик талкууда баяндама жасады. Ал заманбап дүйнө жогорку билим берүү системасына жаңы талаптарды коюп жатканын белгиледи. Ректордун айтымында, глобалдашуу, санариптешүү, жасалма интеллекттин өнүгүшү жана эмгек рыногунун өзгөрүшү жаңы типтеги адистерге болгон муктаждыкты күчөтүүдө. Ошондой эле ал билим берүү, илим жана өндүрүштү интеграциялоо келечек кадрларды даярдоонун негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, ОшМУда бул багытта ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго токтолду.
Сөзүнүн жыйынтыгында Кудайберди Кожобеков глобалдашкан дүйнөдө университеттердин ачыктыкка, кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга умтулуусу өзгөчө маанилүү экенин айтты. Ал катышуучуларды билим жана кызматташтык жолунда биргелешип иш алып барууга чакырды.
Ректорлордун форуму Сиань Цзяотун университетинде өтүп жатат. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер чогулган. Иш-чарада “Дүйнөлүк деңгээлдеги университеттер көргөзмөсү” да уюштурулуп, анда ОшМУ тууралуу маалыматтык стенддер коюлду.
Ректордун Кытайга болгон иш сапары 6–9-апрелге чейин уланат.