Студенттер күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен акыл таймашка катышты

Башкы Окуялар

Студенттер күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен акыл таймашка катышты

Image

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин студенттери менен Ош шаардык чыгыш күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда интеллектуалдык таймаш өттү. 

Командалар төрт тапшырма боюнча күч сынашты. Kahoot платформасында кыргыздын макал-лакаптарын таап, чет тилдерден кабыл алынган сөздөрдүн кыргызча түрлөрүн аныкташты. Ошондой эле сүрөттөр аркылуу фразеологизмдерди табышып, чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты. 

Жыйынтыгында «Таберик» командасы 1-орунду, «Мурас» 2-орунду, «Көрөңгө» командасы 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө дипломдор, атайын номинациялар жана сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, жаштардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу, алардын сүйлөө маданиятын, сөз байлыгын өнүктүрүү болду.

 

Фото галерея