Окутуучулар Өзбекстанда тил күнүнө арналган иш-чараларга катышты 

Башкы Окуялар

Окутуучулар Өзбекстанда тил күнүнө арналган иш-чараларга катышты 

Image

23-сентябрда Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты борборунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Иш-чарага аталган окуу жайдын чакыруусу менен ОшМУнун А. Навои атындагы өзбек тили жана адабияты борборунун директору Акибат Исманова, Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы Бактыгүл Байтикова катышты.

Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин студенттери кыргыз жазуусунун тарыхы, анын өнүгүү этаптары, азыркы абалы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан ырларды көркөм окуп, өнөрлөрүн тартуулашты.

Ал эми ОшМУнун өкүлдөрү кыргыз тилинин өнүгүшү, коомдогу орду, мамлекеттик тил катары мааниси тууралуу баяндама жасашты. Мындан тышкары окутуучулар Низомий атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кыргыз тилинин өнүгүшү: кечээ, бүгүн» аттуу темада конок лекция өтүштү. Лекцияда кыргыз тилинин калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары, бүгүнкү тил саясаты тууралуу пикир алмашылды.

Ошондой эле «Кыргыз-өзбек адабиятын байланыштырып окутуунун өзгөчөлүктөрү» темасында лекция уюштурулуп, эки элдин адабий байланыштарын билим берүүдө натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

 

Фото галерея