Чоңойгондо чабан болууну кыялданган Ноокаттын Ак-Булак айылынын баласы бүгүн XIX кылымдагы коомдук-саясий процесстерди архивдик булактар аркылуу изилдеген окумуштуу. Тарыхчы, окутуучу жана билим берүү тармагындагы жетекчи Нурсултан Кубанычбек уулу бул маегинде балалык кыялдары, студенттик лидерлиги, директорлуктагы тажрыйбасы, Ташкент архивиндеги түйшүктүү күндөрү жана илим жолундагы чыныгы максат тууралуу ой бөлүштү.
- Маектешүүнүн алдында Нурсултан ким, анын балалык кыялдары, мүнөзү кандай эле айтып берсеңиз?
- Мен 1994-жылы Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында төрөлгөм. Балалыгым санаасыз, кыялдарга бай өттү. Бир жолу Адам ата менен Обо эне тууралуу баянды угуп алып, агам экөөбүз ылайдан адам жасап, жан киргизебиз деп мурдуна үйлөп көргөнүбүз эсимде (күлүп). Акыры агам «болбойт экен» дегенде аябай капаланганмын. Бир мезгилде үйүбүздө кой кармап, аларды мен кайтарчумун. Ошол жылдары класс жетекчибиз Жумагүл эжекем «Келечекте ким болосуңар?» деп сураганда, мен «чабан болом» деп жазгам. Үй-бүлөдө кенжесимин. Эрке чоңойдум, азыр да эркеликтин белгилери бар. Бирок жоопкерчиликтүү, сөздү уккан бала элем. (Фотодо класс жетекчим менен)
![]()
- Тарых илимин тандашыңызга ким таасир берди?
- Чоң энем илгерки окуяларды, өздөрү кечирген турмушту кызыктуу кылып айтып берер эле. Үй-бүлөбүздө да коомдук турмуш, тарых тууралуу маектер болуп калчу. Булардын баары мен үчүн тарыхка кызыгууга өбөлгө болсо керек. Мектепте окуткан мугалимдер түрткү болгон. Тарыхтан мыкты мугалимдер: Баймурзаев Кубаныч агай, Максытова Айсалкын эжеке окутушту. Тарых, коом таануу сабактарынан олимпиадага алып барып жүрүштү. Бизди көбүрөөк Айсалкын эжеке окутуп, кой кайтарып жүргөн жүдөө баланы окууга, тарыхка шыктандырды. Мектепти бүтөрдө жалпы республикалык тестирлөөдөн кошумча тестке тарых предметин тандадым. Жыйынтыгы жакшы болду. Чечүүчү тандоону эң улуу агам тандап берип, ОшМУга өзү жетелеп келип тарых факультетине тапшырганбыз.
- Алгачкы эмгек жолуңузда ОшМУнун студенттик акыйкатчысы катары башталды беле?
- Үчүнчү курста Тарых факультетинин жаштар комитетинин төрагасы болуп шайланып, студенттик өзүн-өзү башкаруу чөйрөсүнө аралашып калдым. Андан бир жылдан кийин ОшМУнун студенттик акыйкатчылыгына жана жаштар комитетине шайлоо өткөрүлмөкчү болду. Ал учурда бул студенттик структураларга шайлоолор чоң атаандаштык менен өтөт эле. Ошого жараша жаштар арасындагы коомдук, маданий-массалык иш-чаралар да жогорку деңгээлдерде болчу да. Ошентип, окуу жайдын студенттик акыйкатчылыгына көпчүлүк добуш менен шайланып калдым. Студенттик акыйкатчылык мен үчүн турмуштук тажрыйбамда чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди.
![]()
- Кесиптик жолуңузда ОшМУнун билим берүү мекемелерин башкаруу чоң орунду ээлейт. Мугалимдиктен директорлукка чейинки жол кандай башталды?
- Мугалимдик ишмердүүлүгүм 2016-жылы ОшМУнун «Билим» лицейинде башталды. Ал жерде тарых мугалими болуп бир жыл иштегенден кийин директор Болушева Жоогазын эжеке окуу бөлүм башчылыгына койду. Чындыгында менин педагогикалык тажрыйбам аз болчу. Бирок Жоогазын эжеке өзү насаатчылык кылып, мектептин көп иштерин үйрөттү. Бир жылдан кийин ошол кездеги ректор Каныбек Исаковдун демилгеси менен райондордо гимназиялар ачылмакчы болду. Ошондо ал өзү «жакында райондордо гимназияларды ачабыз, «Билимдин» мугалимдеринен директорлукка кадрларды караштыргыла» деген экен. Ректорго Жоогазын эжеке менен мектептерге кураторлук кылган проректор Ташболот агай «Нурсултан даяр болуп калды, жолго коюп кетет» деп айтышыптыр. Ошентип, Кара-Сууда ачылган гимназияга директорлукка дайындалып калдым. «Билим» лицейинен алган тажрыйбамды колдондум. Окуу процессин да ушунун системасында уюштурдум.
![]()
- Мектеп директору болуп турган учурда эң маанилүү болгон принциптер кайсылар болду?
- Чындыгында жаңы ачылган гимназияда бир да мугалим, бир да окуучу жок эле. Алгач мугалимдерди толуктап, анан алар менен жай ичи Кара-Суу шаарында, базарда, жакын айылдарда үймө-үй кыдырып окуучу топтодук. Эртең окуу ачылат дегенде эмеректерге барып ишти баштап кеттик. Эң негизинен кадрлардын мыктыларын тартууга аракеттендим. Ошолор сапатты камсыздайт деп ишендим. «Кара-Суу»гимназиясынын мугалимдеринин көбү жаш болчу, мен теңдүү, менден 2-3 жаш кичүү. Бирок аларды окуу жайдагы окутуучуларынан, курсташтарынан сураштырып эң мыкты бүтүрүүчүлөрдү чогулттум. Кээ бирлерин башка мектептерде, окуу курстарда иштеп аткан жеринен бизге иштеп бер деп суранып алып бардым. Кийин анализдесем, дээрлик баары бюджеттен, дээрлик баары артыкчылык менен бүткөн жаштар топтолуптур. Алар алгачкы жылы эле жыйынтыктарын беришти. Биринчи эле бүтүрүүчүлөрүбүз Кара-Суу району боюнча ЖРТдан эң жогорку балл алышты. Андан кийинки жылдары «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жетишти. Бирок андай кадрларды бир жерде кармап туруу кыйын, алар андан ары өнүп-өсүшү керек болот. Бир тобу учурда билим берүү мекемелеринде жетекчилик педагогикалык кызматтарда ийгиликтүү иштешүүдө. Бир тобу гимназияда «патриоттук» менен иштеп атышат.
![]()
- Учурда Тарых-юридика институтунда окутуучу жана программа жетекчи болуп иштеп жатасыз. Буга чейинки башкаруу ишинен педагогикалык ишмердүүлүккө өтүү татаал болдубу?
- Мектеп менен жогорку окуу жайдын айырмасы бар. Мектепте негизги ишмердүүлүк билим жана тарбия. Билимдеги, Кара-Суудагы мугалимдердин предметтик деңгээлдери, педагогикалык чеберчиликтери аябай мыкты болчу. Мугалим катары суктандырган кесиптештер бар. Алар чыгармачылык менен, берилүү менен иштешет. Мен болсо лицейде, гимназияда педагогикалык ишмердүүлүккө караганда уюштуруу иштеринде көбүрөөк жүрүп калдым. Жогорку окуу жайда билим менен илимге басым жасалат эмеспи. Факультетке которулгандан кийин жакшы сабак өткөнгө, илимди-билимди өстүрүүгө аракет кылып келем. Мунун да өзүнүн кыйынчылыктары, түйшүктөрү бар.
- Илимий изилдөөлөрүңүз негизинен XIX кылымдагы коомдук-саясий турмушка арналган. Дал ушул мезгилди тандап алышыңыздын себептери эмнеде?
- Негизи бул доорду, багытты тандоодо илимий жетекчим, профессор Жээнбек Алымбаев жол көрсөткөн. Агай «кандай темада илим изилдейин деп турасың» деп сурады. Мен кээ бир темаларды айтып көрдүм. Анан агай «изилдөө теманы тандоодо эптеп-септеп диссертация жактоо максатында эмес, кыргыз тарых илиминде актуалдуулугу жогору болгон, масштабы кенен илимий маселени тандаган дурус. Диссертация коргонгондон кийин да, изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошол доор боюнча адис болуп калыптануу керек» деп айткан. Кийин ушул багытты тандап алдым.
![]()
- Учурда Ташкенттеги архивдерден алынган документтер менен иштеп жатасыз? Алар изилдөөлөрүңүзгө кандай жаңы маалыматтарды алып келди?
- Архивдик маалыматтар жарыяланбаган булактар болуп эсептелет. Менин изилдөөмдө түштүк кыргыздарынын болуштуктарга бөлүнүшү, алар качан, кантип түзүлгөндүгү, болуштук башкаруучулар, бийлер, казылар, алардын структуралары, функциялары, аларга өткөрүлгөн шайлоолор, шайлоодогу коррупциялык көрүнүштөр тууралуу буга чейин жарыяланбаган архивдик материалдар илимий айлампага киргизгенге аракет кылдым.
- Архивде иштеп жатып «мына, тарыхтын тирүү далили» деп толкунданган учур болду беле?
- Архив материалдарын изилдегенде кармаганыңдын баарынан эле издегениң чыга бербейт. Ташкент архивинде эреже боюнча бир күндө жети гана дело беришет. Эгер, буйрутма берген делолордо маалыматтар жок болсо эртеңки күндү күтүүгө туура келет. Ошентип, бөтөн жерде дагы бир күндү күтүп гана өткөрүүгө туура келет. Тамак-аш, жатакана, убактың коройт. Ал нерселерге кайыл болуш керек, анан архивде бир мүнөттү да текке кетирбейин деп жылбай изилдейсиң. Анткени түшкө чейин үч саат, түштөн кийин үч саат гана убакыт берилет. Телефонду сырттан алып калышат, сүрөткө тартып алууга тыюу салган. Дептер, калем менен кирип жазасың. Өтө сабырдуулукту талап кылат. Эгерде кайсы бир делонун керектүү беттеринен көчүрмөсүн алуу керек болсо ар бир бетине биздин акча менен алганда 400 сомдон төлөш керек. Башка мамлекеттен баргандар үчүн тарифи кымбат. Бирок архивде иштөөнүн ырахаты да тарыхчылар үчүн ошончолук. Эгер, сиз айткандай белгисиз же талаш болгон же изилдеп жүргөн маселелер алдыңан чыга келгенде ошол жерде толкунданып, өзүңө-өзүң батпай, орусча айтканда «адреналин»аласың. Ошентип, кайрадан архив казганга ашыгасың.
![]()
- Тарыхый инсандар тууралуу жазган макалаларыңызда кандай жаңы көз караштарды киргизип жатасыз?
- Тарыхый инсандарыбызды изилдөө эгемендүүлүктү алгандан кийин жолго коюла баштаган. Анткени, Советтик тарыхнаамада мурдагы тарыхый инсандарыбыз «эзүүчү таптын өкүлдөрү» катары каралып, объективдүү баа берилбей келген. Учурда мен Алымбек датканын балдары, жакындары тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп атам. Анткени даткалардын өздөрүнө карата бир топ изилдөөчүлөр жүргүзүлүп, жакшы эле көңүл бурулуп келүүдө. Бирок алардын балдары, урпактары, алардын ишмердүүлүктөрү тууралуу изилдөөлөр аз. Анын үстүнө Алымбек датканын биринчи аялынан баласы, бакма баласы, жакын туугандарынын балдары болуп чаташтыруулар көп. Аларды тарыхый булактар менен изилдеп атам. Учурда буга байланыштуу эки илимий макалам чыкты.
- Алдыда илимий ишмердүүлүк багытта кандай пландарыңыз бар?
- Илимий багытта пландарымын негизгиси докторлук диссертациянын темасын бекиткеним болду. Азыр университеттин окумуштуулар кеңешинде бекилди. Эми улуттук аттестациялык комиссия тарабынан бекилмекчи. Мындан тышкары профессор Турдумамат Кадыров жетектеген «Кыргызстандан тышкары жашаган кыргыздардын тарыхын, этнографиясын изилдөө» боюнча илимий долбоордо мүчө катары иштеп атам. Мында Өзбекстан, Тажикстан (Жерге-Тал, Мургап, Кожент), Ооганстан (Памир кыргыздары), Кытай (Кызыл-Суу ж.б. кыргыздары), Түркия (Ван көлүнүн кыргыздары) мамлекеттеринде жашаган кыргыздар изилденмекчи.
- Окутуучулуктан тышкары эмне менен алектенесиз? Кандай кызыгууларыңыз бар?
- Окутуучулуктан, илимден тышкары башка иш менен деле алектенбейм. Жалкоомун, энергиям да аздыр. Бирок кесиптештер, достор менен спорттун түрлөрүнөн волейбол, бильярд, кээде теннис ойнойм. Жыл сайын ОшМУнун окутуучу жана кызматкерлеринин арасында өткөрүлүүчү бильярд боюнча турнирге катышып эки жолу жеңүүчү, эки жолу экинчи орун, бир жолу үчүнчү орунду ээледим. Андан сырткары сүрөт тартканга кызыгам. Айрым сүрөттөрүм менен таанышып көрсөңүздөр да болот.
- Тарых илимин тандап жаткан жаштарга кандай кеңеш берер элеңиз?
- Тарых илимин тандап жаткан жаштарга биринчиден ыраазычылык айтат элем. Анткени бүгүнкү күндө тарыхка кызыккандар азайып кеткен. Бир учурларда баары экономист, юрист болушту, азыр эми көпчүлүк IT тармагына ооду. Замандын баалуулуктарына жараша мыдай өзгөрүүлөр боло берет эмеспи. Бирок материалдык кызыкчылыкка карабай тарых, тил багытын тандаган жаштар кадимки бир кесиптин ээси гана болбостон, улуттук мурастарыбызды сактоо, өнүктүрүү сыяктуу чоң миссияларды аткаруучулар да болушат. Бир күн келип алардын эмгектери да жогору бааланат деп ишенем.
- Архивдик изилдөөгө жаңы кадам таштап жаткандар эмнеден башташы керек?
- Алгач архивдер тууралуу маалымат алуулары керек. Анткени архивдин да түрлөрү бар. Маселен, аймактык деңгээлине жараша, спецификалык өзгөчөлүгү боюнча дегендей. Анан ошол архивде сакталган материалдар боюнча ар биринде «путеводительден» карап, анда сакталган фонддор, документтер тууралуу билип алуу керек. Бул эми усулдук кеңеш. Ал эми жалпысынан архивдерде иштеймин деп алгач кадам койгондорго эң негизинен кызыгуу, берилүү менен иштөө керектигин айтмакмын. Азыркы учурда «протокол» үчүн архивге 1-2 күн каттап, алдына сүрөткө түшүп, «изилдөө ишинде архивдик булактар колдонулду», «изилдөөчү архивге барды» дедиртиш үчүн баргандар да жок эмес. Архивге жаңы фактыларды табам, билбегеними билем, чыныгы илимий изилдөө жүргүзөм деген туура ниет менен, амбициалуу максат, ишенимдүү үмүттөр менен барууга чакырам.
![]()
-Бүгүнкү жаштарга, айрыкча илим жолун тандап жаткандарга кеңешиңиз?
- «Баары ниеттен» деген жакшы сөздү эске салып, ниетти түз кылууну, илим жолунда туура максат менен аракет кылууну айтар элем. Эгер, андай болсо кудайым ошол ниетке албетте жеткирерине ишенем. Бул илимий иш-аракеттердин баарынын түпкү асыл максаты кудайдын жолунда таза, эл алдында абийирдүү, негизгиси коомго, мамлекетке пайдалуу болуусу керек эмеспи. Бирок бул оңой иш эмес. Ошондуктан билек түрө киришип, ыклас менен аракеттенүүлөрүнө кеңеш бермекмин.
- Илимий, педагогикалык ишмердүүлүгүңүздө, жеке жашооңузда алдыда пландарыңыз кандай?
- Педагогикалык ишмердүүлүгүмдө студенттерге берген билимим терең, жугумдуу болсо экен деп тилейм. Ал үчүн биринчи өзүңдө болушу керек. Ошондуктан илим-билим жолунда токтобой изденүү, тереңдетүү менен алекмин. Жеке жашоомдо деле жараткан Алланын жолунда ата-энеге кайрымдуу, бир тууганга күйүмдүү, жубайга жана балдарга камкор, досторго телегейи тегиз мамиле кылууга тырышам. Бирок кыстаган турмуш кээде андай идеалдуулукка мүмкүнчүлүк бербей да калат экен.
![]()
Маектешкен Зинагул Нуралиева