Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Венера Сабирова менен Гулсара Эрназарова Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык кышкы мектепке катышып келишти.
Бир жумага созулган окууга сегиз мамлекеттен барган 46 орус тилчи адис катышты. Алар «Көп маданияттуу чөйрөдө орус тилин жана орус адабиятын окутуу» багыты боюнча билим алышты. Программа көп маданияттуу аудиторияда сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында лекциялар, мастер-класстар, практикалык сабактар уюштурулду. Орус тилин окутуунун натыйжалуу усулдары, интерактивдүү форматтар, окуучулардын кызыгуусун арттыруунун жолдору талкууланды.
Маданий программада катышуучулар шаардын тарыхый жайлары, XX кылым музейи, ошондой эле улуу акын Александр Пушкиндин үйүндөгү кол жазмалардын түп нускалары менен таанышышты. Мындан тышкары Фонтанка жээгиндеги Жаштар театрында коюлган спектаклди көрүштү.
Бул эл аралык кышкы мектеп окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана алынган тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.