«Заманбап мугалимдин модели». ОшМУда билим берүү форуму өттү

Башкы Жаңылыктар

«Заманбап мугалимдин модели». ОшМУда билим берүү форуму өттү

Image

Бүгүн, 17-февралда Ош мамлекеттик университетинде «Заманбап мугалимдин модели – ОшМУда» форумунда мугалимдин коомдогу орду, 12 жылдык окутууга өтүү жана педагогдордун кесиптик өнүгүүсү талкууланды.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтык Досмуратов, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жыйында заман талабына жооп берген мугалимди даярдоо, сапаттуу билим берүүнүн мааниси, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле өлкөдө этап-этабы менен киргизилип жаткан 12 жылдык окутууга өтүү тууралуу сөз болду.   

Форумдун алкагында университеттин жаңы системага өтүүдөгү иш-аракеттери, студенттердин турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү жолдору боюнча презентациялар жасалды. Мындан тышкары ОшМУда квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн мугалимдерге сертификат тапшырылды.

Соңунда билим берүү тармагындагы кызматташууну күчөтүү, заманбап мугалимдин моделин калыптандыруу жана педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүү иштери мындан ары да уланары белгиленди.

 

Фото галерея