16-февралда Ош мамлекеттик университетинин базасында «Ата Мекен – Ыйык мурас» аттуу музыкалык-патриоттук кароо-сынак өттү.
Сынакка 17 жаштан 30 жашка чейинки таланттуу жаштар катышып, кыргыз тилиндеги патриоттук ырларды жандуу үн менен аткарышты. Катышуучуларды калыстар тобу аткаруучулук чеберчилиги, сахна маданияты, үндүн тазалыгы, чыгарманы ачып берүү деңгээли боюнча баалады.
Жыйынтыгында университеттин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Курманжан Эркинбек кызы Келдибек Тургунбаевдин «Ала-Тоо» чыгармасын аткарып, биринчи орунду ээледи. Жеңүүчү ардак грамота, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
Иш-чара 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан уюштурулду.