Ош мамлекеттик университетинде студенттердин билим деңгээлин жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган интеллектуалдык таймаш уюштурулду. Ага окуу жайдын ар түрдүү түзүмдөрүнөн 20дан ашуун команда катышты.
Таймаш төрт этаптан туруп, катышуучулар Ата Мекенди коргоочулар күнүнө байланышкан суроолорго жооп беришти. Мындан сырткары спорт жаатындагы маалыматтар боюнча күч сынашып, текшерген тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле диний темадагы суроолор боюнча билимдерин текшеришти. Ар бир айлампада командалар ыкчамдыкты, тактыкты жана биримдикти көрсөтүүгө аракет кылышты.
Жыйынтыгында Медициналык коллеждин «Медикус» командасы эң көп упай топтоп, жеңүүчү аталды. Экинчи орунду Индустриалдык-педагогикалык коллежинин «Айдай» командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «ВШМОП» командасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара университеттин Илимий китепканасынын алдындагы «StudClub» студенттерди өнүктүрүү борборунун демилгеси менен өткөрүлдү. Таймаш жаштардын интеллектуалдык потенциалын арттырууга, командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө багытталды.