ТооЭкоКонсалтинг борборунда өстүрүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатылууда

Башкы Жаңылыктар

ТооЭкоКонсалтинг борборунда өстүрүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатылууда

Image

ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар менен биргеликте төрт айлык миңге жакын өрдөк багылып, аларды сатуу башталды.

Тирүү өрдөктөр жумуртка алуу үчүн бир башы 700 сомдон сатылууда. Ал эми эт багытында союлуп, тазаланган өрдөктүн баасы 600 сом.

Долбоордон түшкөн киреше биринчи кезекте чарбаны жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды жабууга жумшалат. Каражаттын бир бөлүгү кийинки жылы ишти улантууга багытталса, калганы чарбанын кызматкерлери менен ОшМУнун ортосунда бөлүштүрүлөт.

Долбоорду ишке ашыруучулардын айтымында, өрдөк өстүрүү жергиликтүү шартта салыштырмалуу жеткиликтүү жана кирешелүү чарба багыттарынын бири. Келечекте өрдөк этин өндүрүп, сатуу жергиликтүү тургундар үчүн кошумча киреше булагын түзөт.

Демилгенин негизги максаты климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берген чарба жүргүзүүнүн альтернативдүү түрлөрүн жайылтып, айыл жеринде жаңы киреше булактарын түзүү болууда. ТооЭкоКонсалтинг борбору бул багыттагы иштерди кийинки жылдары да улантып, жергиликтүү жашоочуларга альтернативдүү чарба жүргүзүү тажрыйбасын жайылтууну көздөйт.

Белгилей кетсек, бул иштер «Жер көчкүдөн деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токоймелиорация иштерин жүргүзүү жана биорекультивациялоо» илимий долбоорунун алкагында аткарылууда.

 

Фото галерея