Карылар күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, ага университетте эмгектенген жана эмгектенип жаткан 500дөн ашуун ардагер катышты.
Ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, дасторкон жайылды. Аларга жылуу каалоо-тилектер айтылып, ОшМУнун Кесиптик бирлиги тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле ардагерлердин университеттин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди.
Ректор Кудайберди Кожобеков ардагерлердин окуу жай үчүн орду өзгөчө экенин белгиледи.
«Көп жылдык эмгеги менен университеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлердин орду өзгөчө. Алардын басып өткөн жолу, бай тажрыйбасы жана эмгек салты кийинки муундар үчүн маанилүү үлгү болуп саналат», –деди ректор.