Бүгүн 19-сентябрь - Улуттук аза күтүү күнү

Главная Новости

Бүгүн 19-сентябрь - Улуттук аза күтүү күнү

Image

Бүгүн 19-сентябрь өлкөдө Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улуттук аза күтүү күнү.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстан жарандары курман болгондугуна байланыштуу бүгүн өлкө аза күтүүдө

Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлдү. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрү токтотулду.

Ош мамлекеттик университетинде сабактар мекенчил азаматтарыбызды эскерүү, даңазалоо, үлгү алуу, патриоттук сезимди ойготуу, эң башкысы элди, жерди сүйүүгө багытталып өтүлдү.