Методы обучения взрослых людей

Главная Новости

Методы обучения взрослых людей

Image

2023- жылдын 4-7- ноябрь күндөрү ОшМУнун 18 окутуучусу DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгүнүн Curriculum Global программасынын “Чоң адамдарды окутуунун методдору” тренингине катышты.

Окутууда чоңдорго билим берүүнүн кеңири спектрин практикада өздөштүрүү, методду талдоо жөндөмүн өнүктүрүү, анын артыкчылыктарын жана чектөөлөрүн баалоо, окутуунун белгилүү баскычына ылайыктуу ыкмаларды тандап алуу жана практикада колдонуу, практика жүзүндө методдорду тандоонун жана ишке ашыруунун жолдору, индивидуалдуу окутуунун ыкмалары боюнча маалыматтар берилди.

Тренингди Орусиянын Ленинград билим берүүнү  өркүндөтүү институтунун доценти, чоң адамдарды окутуу боюнча көз карандысыз эксперт Ольга Агапова өттү.

4-модуль “Чоң адамдарды окутуунун методдору”  аталышындагы тренинг Жалал-Абад облусунун Кочкор - Ата шаарында өтүлдү.

ОшМУда CurriculumGlobAle (CG) программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер ушул жылдын январь айында башталган.

DVV International 2002-жылдан бери Кыргызстанда чоңдордун окуусун жана билим алуусун колдоп келет. 2012-жылы Бишкекте кеңсеси ачылган.

Кыргызстан “адамдык өнүгүүнүн орточо деңгээли” бар өлкөлөрдүн бири. Бейформал кесиптик жана жарандык билим берүү боюнча курстар аркылуу DVV International Кыргызстандагы социалдык жактан аялуу топторго, анын ичинде жумушсуздарга, соттолгондорго, социалдык жактан аялуу жаштарга жана аялдарга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле чоңдорго билим берүү мекемелеринин жана алардын кызматкерлеринин потенциалын мындан ары чыңдоого, өлкөдөгү чоңдорго билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.

Фотогалерея