Назгүл Каныбекова: Биринчи мугалимиме болгон сүйүүм – мугалимдик кесипке шыктандырды

Главная Новости

Назгүл Каныбекова: Биринчи мугалимиме болгон сүйүүм – мугалимдик кесипке шыктандырды

Image

4-октябрда “Жылдын мыкты мугалими - 2024” сынагы жыйынтыкталып, ОшМУнун окутуучусу Назгүл Каныбекова баш байгени утуп алды. Биздин редакция аны менен маек курду. 

- Учурда бардык жакын санаалаштарыңыз, кесиптеш, достор, окуучуларыңыз сыймыктанып турган учур. Сиз туурасында жакындан билүүнү каалагандар да арбын. Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Кайсыл жактан болосуз, балалыгыңыз кайда өткөн?

- Рахмат. Алгач бардык жакын санаалаштарымды, устаттарымды бул жеңиши менен куттуктайм. Анткени менин ар бир жетишкендигимде алардын салымы чоң. Өзүм жөнүндө айта турган болсом Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында төрөлүп, чоңойгом. Ата-энем малчылык, дыйканчылык менен алектенишет. Үй бүлөдө тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн.

-  Билимге болгон кызыгууңуз кайсыл учурда башталган? Кантип математика адистигин тандап калдыңыз эле?

- Менден бир жаш улуу агам биринчи класска барганда мен 6 жашта болчумун. Ага кошулуп жазып, Алиппе китебин аны менен тең жарышып окуйт элем. Кээде мектептен келип эле сумкасын ыргытып жиберип ойногону кетип калчу. Мындай кырдаалды мен аңдып эле турам да. Дароо сумкасын ачып, тапшырмаларын жазып коет болчумун. Ошентип жүрүп өзүм биринчи класска барганда Алиппени жаттап алгандыктан эжекем Эне тил китебин карматып койгон.

Экинчи класста окуп жаткан мезгилде менде бир окуя болгон. Ошол агам менен үйдө күрөшө берчүмүн. Бир күнү эрте менен туруп эле дагы күрөшө кеттик. Бутумду артка кайрып басып жыгылды. Алгач ооруну сезген жокмун. Бирок, ордуман туруп эле бутумду жерге койсом шылк дей түштү. Көрсө мууну чыгып кетиптир. Ошентип бутумду сыныкчыга салдырып бир ай төшөктө жатып калгам. Баягы агам өзүн күнөөкөр сезип мага мектептен бекитип бор алып келип берет. Үйдө атам жасап берген шахматтын тактасы бар болчу. Ошонун артын доска кылып эсептерди чыгарам. Агам күйпөлөктөп жаныман чыкпайт. Билгенин үйрөтөт. Чүпүрөктү нымдап келип өчүрүп берет. Мектепти ушунчалык сагынганыман сабакка барам деп ыйлактай баштадым. Апам чанага төшөктү салып, мени олтургузуп алып мектепке сүйрөп бара баштады. Класска чана менен кошо киргизип, эки катар парталардын ортосуна токтотуп, астыма баягы шахмат тактамы парта кылып коюп берип өзү күтүп турчу. Чаткалдын -40 градус суугунда 4-5 саат күтүп, кайра алып кетчү. Ошентип мени басып кеткиче бир ай ташыды. Билим алуума ата-энем колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн барынча жардамын беришти. Алардын алдында өмүр бою карыздармын. Ал эми менин биринчи мугалимиме болгон сүйүүм мени мугалимдик кесипке шыктандырган десем болот. Эжекем менин көзүмө ушунчалык сулуу жана ошол эле учурда сүрдүү да көрүнчү. Күлгөндө оозундагы алтын тиштери жаркырап, өзүнө куп жарашып турганы дагы деле көз алдымда.

- ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары студенттик жылдарыңызда сиздин жашооңузга түрткү берген окуялар, жетишкендиктер жөнүндө айтып бериңизчи?

- ОшМУ мага көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Дегеле окуйм, изденем, билим алам деген студенттерди университет ар тараптан колдойт. Ошол мүмкүнчүлүктөрдөн ар бири пайдаланып калса дээр элем. МИТ факультетинде окуп жүргөндө бизге дөө-шаалар сабак берип калды. Жалаң илимдин докторлору, профессорлордон сабак алдым. Бул дагы Кудайдын мага берген эң чоң белеги деп билем.

2012-жылы профессор С.Каримов агайыбыз тарабынан берилчү “Атуулдук стипендияны” алган алгачкы беш студенттин бири болдум. Бул мага чоң стимул болду. Стипендия демекчи, эң алгачкы стипендияны мектепте алгам. Айылыбыздан чыккан Ташкара аттуу агабыз мектептеги жакшы окуган окуучуларга ай сайын 20 сомдон стипендия тапшырчу. Эң биринчисин атама алып келип берсем, атам акчаны ортого коюп “ырыскыңды ар дайым адал мээнетиң, билимиң менен таап же” деп батасын берип, кайра үстүнө 20 сом кошуп мага бергени эсимде. Стипендия көлөмүнө, аз же көптүгүнө карабай балага чоң жоопкерчилик, мотивация болорун жон терим менен сезгем. Себеби, өзүндү бул нерсеге татыктуу алып жүрө баштайсың. Мурункудан да көп окууну максат кыласың. Ошондуктан, мен да жакшы окуган окуучуларга стипендия уюштурам деп ниет кылгам. Бул идеямды жолдошум да колдогон. Буйруса ал күндөр да алыс эмес.

- Кантип бул кесипти тандап калдыңыз?

- Менин ОшМУга биринчи жасаган кадамым – кесибимди туура эмес тандап алуу менен башталган. 2008-жылы мектепти аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча эң жогорку баллды (188 балл) алдым. Ал жылдары азыркыдай курстар деле жок болгондуктан бул көрсөткүч эң жакшы деп эсептелчү. Ошондо да мектебибиз аябай сыймыктанган. Кошумча предметтердин баарын тандап, тапшырып койгом. Химия, биология, тарых предметтерин гана кошумча тандоого мүмкүн болчу. Ошентип химия, биология жана негизги тестти кошкондо 435 балл менен мактоолорго “мас” болуп келип, көпчүлүктүн көрсөтмөсү менен Медицина факультетине тапшырып алгам. Бул факультетке, болгондо да бюджетке өтүү кыйын болчу. Туугандарым аябай сүйүнүштү. Мен гана кам сүт ичип алган баладай, жүрөгүм түпөйүл болуп турду. Сентябрь айы келип окууга келдим. Ал кезде Медицина факультети азыркы Тарых факультетинин ордунда болчу. Биринчи эле күнү расписаниеден математика деген сабакты көрө албай бозала болгонум эсимде. Эки күн келип эле “математикага которулам” дегенге түштүм. Анда ректор Мухтар Орозбекович болчу. Айылдан атам келип, ректорго өзү суранып кирген. “Биринчи семестр окуусу зарыл. Жаны жылдан кийин гана которо алабыз” деген жоопту айтып чыкты. Жаны жылга чейин алар (математикада окуп жаткандарды айтып атам) көп нерсени окуп коет да деп так секирип болбойм. Ошентип сентябрдын 28си күнү деканаттан деломду алдым да (атүгүл алар башкы корпуска документимди өткөрүп үлгүрө электе) окууну таштап айылга баса бердим. 

Бирок, айылга келгенде көз караштардан, ар түрдүү сөздөрдөн катуу чүнчүдүм. Кесибимди жаңылыш тандап алдым, келерки жылы кайра башынан тесттен өтүп мугалимдикке тапшырам дегенимиди эч ким түшүнгөн жок. Көпчүлүгү “окуй албай, айдалып келди” деп кеп кылышты. Бул нерселерге бир жыл кулагымды жапырып чыдадым. Ал бир жыл мага адабий китептерди окуума зор убакыт болуп берди. Ооналактап жатып ыр жаздым. Бугумду ырдан чыгардым. 

Ошентип кийинки жылы дагы бир жолу тест тапшырып, айрылма талондордун бирин гана калтырып, калганын жыртып таштагам. Анткени дагы бир жолу адашуудан корктум. Анткени, бухгалтерияга тапшырсаң ал жакта математиканын түрүн окуйсуң деген сунуштарды угуп алып, дагы экиленип, багытымдан дагы бир жолу адашып кетпейин деген элем. Ошентип башкы корпуста математика адистигине окуй баштадым. Чыныгы жашоонун ырахатын сездим. Окууга күндө майрамга келгендей сүйүнүп келем. Мен го бир жылдан кийин өз кесибимди, жан дүйнөм каалап жаткан кесипти таап алдым. Жашоодо кесибин жаңылыш тандап алган адамдар көп да. Ошондуктан окуучуларыма ар дайым кесип тандоодо аброюна, айлыгана карап эмес жүрөгүңөр каалап жатканын тандагыла деп көп айтам. Адам жашоого бир жаралат. Бир жаралган жашоодо жүрөктү тыңшап иш тутпасаң, анда бул жашоонун маңызы кайсы. Ар бир адам өзү сүйгөн кесиби менен иштесе гана ал ишинде изденет, ойлонот, ийгилик жаратат.

- Сапаттуу билим берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз жана өзүңдөгү башкалар кайталабаган кандай сапаттарды атайсыз?

- Башкалардан өзгөчөлөнгөн деле сапатым жок. Болгону убактымды туура пайдаланууга аракет кылам. Өзүм менен өзүм сүйлөшкөндү жактырам. Себеби, ошол учурда гана эмнени туура кылып жатам, а эмнени туура эмес...анализдегенге мүмкүнчүлүк болот.

Сапаттуу билим берүү үчүн классты деңгээлдерге бөлүп окутууну жолго коюп алгам. Тактап айтканда классты үч деңгээлге А, Б жана С деген топторго бөлүп алам. Анткени математиканы бардык эле бала бирдей түшүнө бербейт. Ошондуктан математиканы өздөштүрүү даражасына карай 3 топко бөлүп алам. Бул албетте мугалим үчүн даярдануусуна көп убакыт талап кылат. Бирок, окуучу үчүн эң жакшы жол. Сабакта ишмердүүлүккө тартылбаган бир да окуучу болбойт. Ар кимиси өзүнүн дараметине, чама-чаркына ылайык маселени чыгарат, тапшырманы аткарат.

- Ийгиликке жеткен окуучуларыңыз барбы? Алар жөнүндө бөлүшө кетсеңиз?

- 2018-жылы окуткан бүтүрүүчүлөрдөн бир Алтын сертификат алган окуучум болгон. Республикалык предметтик олимпиадага бир нече окуучуларымды даярдап катыштырдым. Ошондой жакшы окуган окуучуларымдын мугалимдик кесипти тандап алганы - менин эң чоң жетишкендигим деп эсептейм. Буйруса алардын келечеги алдыда. Чоң ийгиликтерин көрүп, жакшы иштерин көрүп ушул баланы, ушул кызды мен да окуткан элем деген сыймыктануу сезимин ар бир мугалим сезип көрүшүн каалайт элем. Бул сөз менен жеткире алгыс сезим.

- Сизди жашоодо ырлары жүрөктөрдөн түнөк тапкан мыкты акын катары да билебиз. Мугалимдик түйшүк менен жүрүп ыр жазууну таштап койбодуңузбу?

- 2014-жылы ыраматылык Исаков Каныбек агайымдын демилгеси, демөөрчүлүгү менен, акын Улукбек Омокеевдин редакторлугу алдында “Турмуштун теңдемеси” аттуу алакандай ырлар жыйнагым жарык көрдү. Агай өзү баш сөзүн жазып, ОшМУнун чоң актылык залында таанытымын өткөргөн. Ошондон бери өзүмдү элден “ыр карызмын” деп сезип жүрөм. Көп убакыт жазбай калдым. Ошондо менин ыр жазарымды билген айрым инсандар жолукканда “жаңыр ырлар жазылып атабы” деген суроосу мен үчүн өтө оор тийчү. Бул кадимки акча карыз сыяктуу эле көрүнүш. Кээде дагы ыр сурайт деп көпчүлүк барчу жерлерге барбай жүрдүм. Бирок, кийин түшүндүм, чыгармачылык деген – бул бир эле поэзия же проза эмес. Чыгармачылык – бул бир сабак. Мен өзүмдөгү чыгармачылыгымы сабакка сарптап атканымы түшүнгөндөн кийин моралдык жактан “карыздар” сезими көп кыйнабай калды.

   Учурда изденип, көбүрөөк окууга убакыт сарптап жатам. Канчалык окуган сайын жазбай эле койсомбу деген оюм басымдуулук кылып баратат. Анткени жаман жазмакердин жазбай койгону –         адабиятка кошкон чоң салымы деген сөз бар го. Жазбай коюп адабиятка салым кошуп атам.

- Устат жана досторунуз жөнүндө социалдык тармактарга жазган постуңузду окуп калдым. Чыныгы устат жана чыныгы дос кандай болуш керек?

-  Окуучунун эң чоң бактысы – жакшы мугалимге туш болушу. Тагдырыма, ушул тагдырды маңдайыма жазган Жаратканга ыраазымын. Жашоомдо жалаң гана жакшы мугалимдерге туш болдум. Мени мектепте, университетте, практикада жүргөндө, жумушка киргенде колдоп, багыт берип, насаатын айтып турган эң сонун устаттарым бар. Алардын ар бири жөнүндө кези келгенде кеңири жазам. Учурдан пайдаланып бардыгына ыраазычылык билдирем. Көзү өтүп кеткен устаттарымды ар дайым эстеп, Куран окуп турам.

Ал эми дос темасына келсек достукка өтө олуттуу карайм. Эң алгач мектепте Элгиза аттуу кызга кат жазып дос болгом. Мектепте окуп жүргөндө кыз-жигиттер кат жазышат эмес беле. А мен достук катын жазгам. Андан кийин да досторду күттүм. Аз болсо да, чыныгы досторум бар. Алыста болсо да, жүрөктөрүбүз жакын согуп жатканын сезген досторум бар. Бири-бирибизди колдоп, кубаттап турабыз. Дос жаатынан да бактылуумун.

- "Жылдын мыкты мугалими” болууну эңсеп турган дилгир мугалимдерге кандай кеңештерди бересиз?

-  Жакында эле ОшМУнун “Кара-Суу” гимназиясында иштеген окуучуларым, бүтүрүүчүлөрүм куттуктап келишти. Көпкө сүйлөшүп олтурдук. Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогору упай алган болчу. Ата-энесинин каршылыгына карабай мугалимдик кесипти тандаган. Химия предметинен сабак берет. Ишиңди так, адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, анан сүйүү менен эле аткара бер. Атайын конкурска катышайын деп жасаба. Бул нерселер өзүнөн өзү чогулуп олтуруп бир күнү даяр болгонуңдү сезесиң. Ошол кезде анан мындай конкурстарга катыш деп кеңеш бердим. Башкаларына деле ошону айтмакмын.

- Сынакта баш байгени утуп алуу баарына эле буйруй бербейт. Адам эң биринчи өзүн жеңип каалоолорун орундатуу үчүн жашоодо кандай кадамдарды жасоо керек?

- Мен да сынакка катышып жатканда баш байгени утуп алсам ээ деп кыялдангам. Эң биринчи ойду, ниетти туура коюу керек экен. Андан кийин аракет. Кудайым деле аракетке берекет дейт тура. Баш байгеге жетүү мага дагы чоң жоопкерчиликти моюнума артып койду. Мен бул нерсени татыктуу алып жүрүшүм керек деп билем. Мурункуга караганда эки-үч эсе көп эмгек кылып, билим берүүгө салымымды ар тараптан кошуп, бул системада болуп жаткан реформаларга кол кабыш кылып, дагыда  жакшы нерселерди жаратуум керек.

 

Кызыктуу маек бергениңиз үчүн  чоң рахмат, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз.

 

 Даярдаган:  ОшМУнун пресс-катчысы Зинагул Нуралиева

 

 

 

Фотогалерея