Наманган: ОшМУнун окутуучулары тилдер багытындагы эл аралык конференцияга катышты

Главная Новости

Наманган: ОшМУнун окутуучулары тилдер багытындагы эл аралык конференцияга катышты

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунунун доценти Курманжан Нармырзаева, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова, аталган факультеттин журналистка адистигинин окутуучулары Сейил Эргешова, Чынара Абдиева, улук окутуучу Махабат Мамырова, окутуучу Айжан Умарова тилдер багытындагы конференцияга катышып келди. Иш чара 24-25-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинде болду.

 "Ономастикалык бирдиктердин социолингвистикалык, этнолингвистикалык, лингвопоэтикалык жана лингвомаданий изилдөө маселелери” аталышындагы экинчи эл аралык илимий-практикалык конференцияда ОшМУнун окутуучулары илимий баяндамаларды жасашкан. Андан сырткары тиешелүү адистиктер боюнча конок лекцияларды окуп беришкен.

Иш сапардын алкагында Гулмира Жутанова Наманган мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы менен билим берүү, илим изилдөө жана маданий багыттагы иш-аракеттерди камтыган келишимге кол койду. 

 


 

Фотогалерея