ОшМУда билим берүү кызматкерлеринин эмгек шарттары талкууланды

Главная Новости

ОшМУда билим берүү кызматкерлеринин эмгек шарттары талкууланды

Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов жана комитеттин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Бедил Кадыркулов 18-мартта ОшМУда болушту.

Ректор Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда социалдык өнөктөш катары иш алып барып келе жаткан ректорат менен кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү боюнча сөз болду. Анда мындан ары да биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүүдө колдоолор көрсөтүлөрү айтылды.

Рустам Нурматов ОшМУда Ош облусундагы жана Ош шаарындагы кесиптик бирдиктин төрага, төрайымдары менен жолугушуп, жаңы кабыл алынган “Эмгек кодекси” боюнча маалыматтар берилди. Мындан сырткары мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу, социалдык-укуктук коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге да токтолду.

ОшМУнун кесиптик бирлиги менен ректораттын ортосунда Жамааттык келишим бар. Анда эмгекти жана саламаттыкты, кызматкерлерди укуктук, социалдык жактан коргоо, кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо сыяктуу маселелер камтылган.

 

Фотогалерея