Тарыхты унутпайлы: Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Главная Новости

Тарыхты унутпайлы: Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Image

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык, финансы-юридикалык жана Эл аралык билим берүү программалар колледждеринде 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Анда 1916-жылдагы “Үркүн” окуяларын, 1930–1938-жылдардагы саясий куугунтуктарды, Февраль жана Октябрь революцияларынын тарыхый маанисин түшүндүргөн презентациялар, сахналаштырылган көрүнүштөр орун алды. Ошондой эле студенттер тарабынан баяндамалар окулду.

Иш-чаранын максаты жаштардын  улуттун өткөнүн унутпай, тарыхый мурастарды баалоо жана келечек муун алдында жоопкерчиликти алып, мекенге болгон сый-урматын ойготууга багытталган.

Эскерүү күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык билим берүү циклы тарабынан демилгеленген.