Мелис Маматжановдун Казакстанда “Дарексиз дүйнө” китебинин бет ачары өттү

Главная Новости

Мелис Маматжановдун Казакстанда “Дарексиз дүйнө” китебинин бет ачары өттү

Image

20-октябрда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде кыргыз акыны, Ош мамалекеттик университетинин ректорунун офисинин жетекчиси Мелис Маматжановдун «Дарексиз дүйнө» аттуу жаңы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.

Иш-чарага адабий чөйрөнүн жана академиялык коомчулуктун алдыңкы өкүлдөрү катышты. Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин деканы Канат Ауесбай Мелис Маматжановдун чыгармачылыгына, адабияттагы ордуна токтолду. Ошондой эле «өлкөлөрдүн чек арасын кесип өтүп, ар башка элдин жүрөгүнөн орун алган акындын жаркын индивидуалдуулугун» баса белгиледи.

Мелис Маматжанов аталган иш-чараны уюштурганы үчүн окуу жайга ыраазычылык билдирди. Акын адабияттын улуттук аң-сезимди калыптандыруудагы жана маданий дипломатиядагы орду тууралуу ойлору менен бөлүштү. 

Иш-чарада коноктор анын ыр дүйнөсү, чыгармаларынын казак тилиндеги котормолору менен да таанышты. Маматжановду өз муунунун алдыңкы акындарынын бири катары баалап, анын көптөгөн сыйлыктарын, коомдук ишмердүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Басылманын жарык көрүшү менен Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулунун орун басары Чолпон Исанаева, «Мурас» кыргыз этномаданий бирикмесинин төрагасы Манас Ташыбеков, акын-котормочу Алмат Исадил, «Адабият дүйнөсү» борборунун жетекчиси, «Жеке инсан – Достук» коомдук фондунун директору, акын Муратхан Шокан куттукташты. 

Жаш кыргыз акынынын эмгеги төрт тилде — кыргыз, казак, түрк жана өзбек тилдеринде жарык көрдү. Китепке Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Султан Раев баш сөз жазган. Кийинки бет ачар 25-ноябрда Ташкент шаарындагы Улуттук китепканада өтөт.

Иш-чараны Журналистика факультети, Басма иши, редактирлөө жана дизайн искусствосу кафедрасы Ош мамлекеттик университети менен кызматташтыктын алкагында уюштурду. 

33 жаштагы Мелис Маматжанов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында төрөлгөн.  Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү, Жусуп Баласагын атындагы төш белгинин ээси. Ч.Турсунбеков фонду уюштурган “Жаш толкун” конкурсунда биринчи орунду багындырган. Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Жылдын мыкты акыны”, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн медал менен сыйланган. Ошондой эле бир топ республикалык поэзия сынактарынын жеңүүчүсү. “Апакемдик алмасы” ырлар жыйнагы 2014-жылы жарык көргөн. “Дарексиз дүйнө” ырлар жыйнагы – экинчи китеби.



 

Фотогалерея