Кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу талкууланды

Главная Новости

Кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу талкууланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде «Чебер: Кыргызстандагы көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. 

Иш-чарага окуу жайдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, коллеж жетекчилери, окутуучулар жана долбоордун координаторлору катышты. Анда долбоордун жетекчиси Кристиан Вагнер, Ош облусу боюнча координатору Гүлжамал Чокморова, кесиптик окутуу системалары боюнча эксперт Ажар Жолонбаева, ОшМУ тараптан координатор, Бизнес парктын директору Эрлан Камалов маалымат беришти.

Талкуунун жүрүшүндө тараптардын кызматташуусу, алдыдагы этаптар жана күтүлүүчү жыйынтыктар каралды. Айрыкча 2026–2027-жылдарга карата кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын иштеп чыгууга көңүл бурулду. Анын алкагында кеминде 12 билим берүү программасын даярдоо, окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгуу, пилоттук окутууларды өткөрүү жана алардын негизинде программаларды өркүндөтүү пландалууда. Ошондой эле эмгек рыногунун талаптарын талдоо, иш берүүчүлөр менен кызматташуу, тренерлерди даярдоо, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу, сертификациялоо маселелери талкууланды.

Долбоордун алкагында заманбап жабдуулар менен камсыздоо, окуу-өндүрүштүк лабораторияларды түзүү, стажировкаларды уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү да каралган. Жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрү алдыдагы иштердин планын макулдашты.

Жыйындын негизги максаты – кыска мөөнөттүү кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген көндүмдөрдү аныктоо жана билим берүүнү практикага жакындатуу болду.

Аталган долбоор Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылып, аны Helvetas Swiss Intercooperation уюму жүргүзүүдө.





 

Фотогалерея