ОшМУда «Нооруз–2026» фестивалы өттү

Главная Новости

ОшМУда «Нооруз–2026» фестивалы өттү

Image

«Нооруз–2026» аталышындагы майрамдык фестиваль 18-мартта Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда өттү. 

Иш-чарага окутуучулар жана студенттер активдүү катышты. Институттун он бир кафедрасы улуттук кийимдерди кийип чыгышып, ар түрдүү маданий номерлерди тартуулашты.

Программанын алкагында манас айтуу, саламдашуу, ыр-бий, көркөм окуу, макал-лакап айтуу, акыйнек жана КВН сыяктуу номерлер көрсөтүлдү. Майрамдык иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоого, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын ынтымагын бекемдөөгө багытталды.

Фотогалерея