ОшМУ студенттеринин илимий эмгеги мыкты деп табылды

Главная Новости

ОшМУ студенттеринин илимий эмгеги мыкты деп табылды

Image

Университетке караштуу Индустриалдык-педагогикалык коллежинин студенттери аймактык илимий конференцияда ийгилик жаратты. Алардын илимий макаласы мыкты деп табылып, сертификаттарга татыды. 

Конференция Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өтүп, “Кыргыз педагогикалык мурастары жана дүйнөлүк тажрыйба” темасында болду. Иш-чарага Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери өз изилдөөлөрү менен катышты.

ОшМУнун студенттери окутуучуларынын жетекчилиги астында педагогика тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча илимий иштерин даярдашкан. Макалаларда билим берүүдөгү жаңы тенденциялар, заманбап окутуу ыкмалары жана окуучулар менен иштөөнүн жаңы жолдору камтылган.

Конференциянын жүрүшүндө кыргыз педагогикалык мурастарын изилдөө жана аны дүйнөлүк тажрыйба менен айкалыштыруу маселелери талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашып, жаңы идеялар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Фотогалерея