28-апрелде университеттин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Минабар Шайимкулова тарабынан ачык лекция уюштурулду.
Лекция «Мен жана дүйнө» предметин окутууда сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруу» темасына арналып, 3-курс студенттери үчүн өткөрүлдү. Иш-чара 12 жылдык билим берүү системасынын талаптарына ылайык 5Е модели аркылуу уюштурулду.
Сабак заманбап талаптарга жооп берген форматта пландаштырылып, студенттер алдын ала даярдык менен активдүү катышты. Лекциянын жүрүшүндө башталгыч класстардын (1–5-класстар) окуучулары менен сабактан, класстан тышкаркы иштерди натыйжалуу уюштуруунун усулдары талкууланды.
Ошондой эле мындай иш-чаралар аркылуу окуучуларды мекенчилдикке, чынчылдыкка, жоопкерчиликке, боорукердикке, эмгекчилдикке тарбиялоо, жаратылышка аяр мамиле кылууга жана туруктуу өнүгүү принциптерин карманууга багыт берүү мүмкүнчүлүктөрү айтылды.
Лекциянын жүрүшүндө жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартында каралган адамзаттын жети баалуулугун калыптандырууда сабактан, класстан тышкаркы иштердин мааниси өзгөчө экени белгиленди.