Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы талкууланды

Главная Новости

Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы талкууланды

Image

28-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда «Чыңгыз Айтматов жана кыргыз элинин тарыхый эс тутуму: өткөн, азыркы учур, келечек» аттуу интерактивдүү воркшоп өттү.

Анда студенттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасынын маанисин, тарыхый эс тутумду сактоо жана улуттук баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларындагы маңкурт образына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар бул образ аркылуу тарыхый эс тутумдан, руханий жана маданий тамырлардан ажыроо маселелерин талдап, анын бүгүнкү коом үчүн маанисин карашты.

Интерактивдүү форматта өткөн сабак студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, тарыхый-маданий мураска болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.

Воркшопту профессор Аманай Акматова «Кыргызстандын тарыхы» дисциплинасынын алкагында Евразия улуттук университетинин (ЕНУ) билим берүү программасынын биринчи курсунун студенттери үчүн уюштурду.