
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценти Манас Кожомжаров жөнүндө даректүү тасма тартылды. “Ырдоо менин жашоом” аттуу фильмдин бет ачары 13-февралда болду.
Ага ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, окутуучулар, студенттер, Кожомжаровдун жакын санаалаштары жана шакирттери катышты.
Тасмада институттун Киноакадемиясынын окутуучулары Кутман Шаршентегин жана Кайрат Атагулов баштаган онго жакын чыгармачыл топ иштеген. Тартуу иштери Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында жүргөн.
Кино документалдуу жана көркөм жанрды камтып, сегиз айда даярдалган. Мында Манас Кожомжаровдун балалык кезинен тартып, бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолу чагылдырылган.
62 жаштагы Манас Кожомжаров Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Жогорку билимди Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен алган.
Эмгек жолун Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан баштаган. Бир нече автордук китептердин ээси. Замир Мырза, Темир Назаров жана Нуртилек Абдигапаров сыяктуу талантуу ырчыларды тарбиялаган.