ОшМУнун студенттери эки элдин студенттеринин достугун бекемдеген иш-чарага катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери эки элдин студенттеринин достугун бекемдеген иш-чарага катышты

Image

ОшМУнун студенттик кеңеши, студенттик акыйкатчы аппаратынын курамы, тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары жана окутуучулар 12-февралда Андижан мамлекеттик университетинде болуп келишти.

Делегация аталган окуу жайда өткөн "G'azal jozibasi" фестивалына конок болушту. Бул иш-чара Захириддин Мухаммед Бабурдун 542 жылдыгына карата окуу жай тарабынан уюштурулган. Кечеде Бабурдун чыгармачылыгынын жаркын үлгүлөрүнүн негизинде “Карвон” ансамблинин жандуу музыкалык чыгармалары, ошондой эле “Хумо” студенттик театралдык студиясынын сахналык спектаклдери тартууланды.

Окуу жайда университеттердин достугун арттырууга багытталган иш-чара  уюштурулуп, эки элдин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

 

Фото галерея