ОшМУда морфологдордун Ош регионалдык бөлүмү түзүлдү​

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда морфологдордун Ош регионалдык бөлүмү түзүлдү​

Image

ОшМУнун базасында «Ош регионалдык морфологдордун илимий-медициналык коому» коомдук бирикмеси түзүлдү. Анын төрагасы болуп окуу жайдын доценти Кыялбек Сакибаев шайланды.

13-февралда Ош шаарында коомдук бирикменин баштапкы жыйыны өтүп, ага калаадагы жана облустагы жогорку окуу жайлардын, колледждердин,  илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышты. Анда бирименин уставынын долбоору жактырылды. Ошондой эле Орусиянын «Анатомдордун, гистологдордун жана эмбриологдордун илимий медициналык коому» аймактар аралык коомдук бирикмесине мүчөлүккө Ош регионалдык бөлүмү катары кирүү чечими кабыл алынды.

“Ош регионалдык морфологдордун илимий-медициналык коому” адамдын (жаныбарлардын да) анатомиясы, гистологиясы, цитологиясы, эмбриологиясы, антропология жана ага тектеш дисциплиналар тармагында илимий-изилдөө, окуу, практика жүргүзгөн окутуучулардын, окумуштуулардын, дарыгерлердин жана биологдордун ыктыярдуу коомдук уюму болуп саналат.

Бирикменин негизги максаты – аймактагы морфологдордун иш-аракеттерин бириктирүү жана координациялоо, аталган дисциплиналар боюнча билим берүү процессин жакшыртуу, практикалык медицинанын көйгөйлөрүн чечүү. Аны менен бирге тематикалык жана багыттуу аталыштагы илимий жана практикалык конференцияларды, съезд, симпозиум, семинар, мастер-класс жана башка иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.


 

Фото галерея