ОшМУнун кызматкери Италияда өзүнүн изилдөөсү менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкери Италияда өзүнүн изилдөөсү менен бөлүштү

Image

ОшМУнун эл аралык байданыштар департаментинин директору Сайкал Ибраимова “Формалдуулук эмес изилдөөдөгү методдор” аталышындагы эл аралык конференцияда баяндама жасады. Иш-чара 14-15-февралда Италиянын Неаполь университетинде  өттү.

Ибраимова баяндамасында Кыргызстандагы көйгөйлөрдү аныктоодогу формалдуу эмес методдор боюнча өз изилдөөсүн бөлүштү. Аталган конференцияга Европанын ар кайсы университеттеринен келген изилдөөчүлөр катышты. 

Мындын сырткары Сайкал Ибраимова Неаполь университетинин жетекчилиги менен жолукту. Анда тараптар эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу алакаларын түзүү боюнча баарлашты.

 

Фото галерея