Кыргыз-өзбек алакасын бекемдеген семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-өзбек алакасын бекемдеген семинар уюштурулду

Image

ОшМУда 17-февралда  акындар  Алишер Навои жана Захриддин Мухаммед Бабурдун бейнесине арналган эл аралык илимий семинар болду. Иш-чарага Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов, аталган өлкөнүн, Казакстан жана Кыргызстандагы ЖОЖдордон окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышты.

Семинарда Алишер Навоинин баскан жолу, ырларындагы өзгөчөлүктөр, философиясы, накыл ойлорунун педагогикалык жактан жарамдуулугу жана Захриддин Мухаммед Бабурдун илимпоз гана эмес, мыкты башкаруучулук сапаттары тууралуу илимий баяндамалар окулду. Анда түрк элдеринин улуу даанышмандарынын ойлору, чыгармачылыгы адамзатты руханий жактан байытып, бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл экени белгиленди. 

 Иш-чара ОшМУнун өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору тарабынан демилгеленген. Семинар коңшулаш элдердин окуу жайлары менен кызматташтыкты түзүү жана бекемдөө, илимий-адабий байланыштарды чындоо, изилдөө иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду. Ошондой эле студенттерге руханий, адептик тарбия берүү болуп саналат.  

 

Фото галерея