Орусия менен социалдык иштер багытында кош дипломдуу билим берүү каралууда

Башкы Жаңылыктар

Орусия менен социалдык иштер багытында кош дипломдуу билим берүү каралууда

Image

ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары Дилнара Рустамова, Индира Карабаева жана Таттыбүбү Мырзалиева Орусияда иш сапарда болушту. Мында алар Кострома мамлекеттик университетинде өткөн социалдык иштер багыты боюнча эл аралык мектепке катышты.

Иш сапардын алкагында аталган окуу жай менен социалдык иштер багытында бакалавр, магистратура боюнча кош дипломдуу билим берүү, окуу программаларын жана пландарын талкуулашып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан сырткары студенттерге социалдык иштер, социалдык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу технологиясы боюнча  сабак өтүштү. 

Кострома мамлекеттик университетинин социалдык иштер кафедрасынын башчысы ОшМУдан барган делегацияга үй-интернаттарына жана реабилитациялык борборлорго экскурсия уюштурду. Ошондой эле социалдык иштерде арт-терапия боюнча мастер-класстарды өтүштү. 




 

Фото галерея