ОшМУда Ош шаарынын экологиялык абалы талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Ош шаарынын экологиялык абалы талкууланды

Image

Экологдор, эксперттер, жарандык активисттер Ош шаарынын жашыл зоналарын сактоо, өркүндөтүү жана экологиялык абалын жакшыртууну талкуулашты. “Жашыл Ош: Келечектин бактуу шаары” аталышындагы иш-чара 18-мартта ОшМУда өттү.

Жыйында университеттин Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов калааны жашылдандыруу жана анын заманбап методдору тууралуу презентация жасады. Анда мэрияга жашоочулар үчүн ыңгайлуу экологиялык чөйрөнү камсыз кылууда жашыл дарактардын таасири жана аларды коргоо чаралары сунушталды. Экологиялык эксперттер бул аракеттер ишке ашса шаарда абанын булгануусу азайып, климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү деңгээли күчөй турганын белгилешти. Бул Оштогу жашоо деңгээлине да таасирин тийгизери айтылды.  

Иш чаранын максаты муниципалдык кызматтардын көңүлүн дарактарды сактап калуунун маанилүүлүгүнө буруу болду. Ошондой эле шаарды жашылдандырууда  экологиялык туруктуулукту эске алуу менен ишке ашыруу зарылдыгын көрсөтүштү. 




 

Фото галерея