МИНИСТР ОШМУНУН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

Башкы Жаңылыктар

МИНИСТР ОШМУНУН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

Image

 

 

20-мартта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында өткөрүлгөн Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты.

Министр университеттин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун жамааты менен жолугуп, аларды Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Жыл тогошуп, күн менен түн теңелген мезгилде баарыңыздарга теңчилик, токчулук жана бейпил жашоо каалайм. Биз мугалимдер менен сыймыктанабыз жана силер менен бирге Кыргызстандын келечегин аныктаган мыкты адистерди даярдоо жолунда бирге иштешүүгө даярбыз”, – деди министр.

Мындан тышкары, Д. Кендирбаева Нооруз майрамынын башкы символу болгон сүмөлөк кайнатуу иш-чарасына катышып, ак тилектерин айтты.

Фото галерея