
20-мартта Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында шаар тургундарына жана меймандарына Нооруз майрамына арналган оюн-зоок кечеси тартууланды.
Анда концерттик программалар коюлду. Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун бөбөктөрү тарабынан даярдалган кыргыз уйгур, татар элдеринин улуттук бийлери бийленди. Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери кыз-жигит сармерден оюнунун тартуулашты. Майрамда жылдагыдан өзгөчөлөнүп Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун агай-эжекелеринин балдарынын тушоо кесүү салтанаты да болду.
Мындан тышкары студенттер тарабынан улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү коюлду. Нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, ак тилектер айтылды.
Иш-чараны Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту уюштурду. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ынтымагын, биримдигин көрсөтүп, майрамды тосууда жогорку уюшкандыкты көрсөтүп жаткан жамаатка ыраазычылык билдирди. Ал жалпы катышуучуларды көктөм майрамы менен куттуктап, “жаңырган жыл жамаатта ийгиликтерге бай, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун” деген тилегин айтты.
Майрамдык кече спорттук иш-чаралар менен уланууда.