
Мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери көтөрүлүп келген маселе. Бирок ар кандай объективдүү себептерден, экономикалык, биринчи кезекте билим берүү системасынын даяр эместигинен, өлкө жетекчилеринин саясий эркинин жоктугунан улам дайыма жылдырылып келген.
Билим берүү системасын модернизациялоо аркылуу өлкөнү өнүккөн мамлекетке айландырууга болгон умтулуусу жана чечкиндүүлүгү үчүн өлкөнүн азыркы жетекчилигине баа беришибиз керек.
Мектептик билим берүүнүн жаңы системасына өтүү менен Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталат.
Кыргызстанды 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өткөрүү боюнча өлкө жетекчилигинин концепциясы жана чечими чыныгы кызыгууну жаратты. Жаңычылдыкты талкуулоого жалпы коомчулук, эксперттер, билим берүү уюштуруучулары, ата-энелер активдүү катышты.
Талкууларда кээде карама-каршы жана бири-бирин жокко чыгарган ар кандай көз караштар жана мамилелер чагылдырылды. Бирок бир нерсе ачык-айкын: азыркы мектептик билим берүү системасы мезгилдин талабына шайкеш келбейт жана заманбап талаптарга жооп бербейт. Ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине толук кошула албайт.
Республиканын Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларына таянып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектеп окуучуларында бүгүнкү күндө зарыл болгон көндүмдөрдү, билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо максатында концепцияны иштеп чыккан.
Мектептердеги өзгөрүүлөргө ылайык жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү да жаңыланууга тийиш. Бул жерде бизде бир топ суроолор бар: жаңы системага кантип өтөбүз, 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүн кайсы жылдан баштап кабыл ала баштайбыз, кайсы программа боюнча жана кайсы деңгээлде – бакалавриат же магистратура – жаңы системаны эске алуу менен мугалимдерди даярдайбызбы ж.б.у.с.
ЖОЖдор мектептик билим берүүнү реформалоого даяр гана болбостон, тынымсыз өзгөрүп турган дүйнөдө өзүнүн кесиптик дараметин ишке ашырууга жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрүн үзгүлтүксүз окутууну логикалык жактан улантууга тийиш.
Учурда ЖОЖдор белгилүү бир багыттар боюнча педагогикалык адистерди кандай даярдап келишкен болсо, ошондой нукта улантууда. Ошол эле учурда университеттин дубалдарынан өзгөрүү шамалы согуп жатат. Ушуга байланыштуу концепциянын маңызын жана мектептик билим берүү системасында боло турган өзгөрүүлөрдү педагогикалык жамаатка жана студенттерге түшүндүрүп жатабыз.
Жогорку билим берүү системасы да өзгөрүшү керектиги тууралуу активдүү талкуулар болуп келген жана ал уланууда. Окуу жайдагы адистер, окумуштуулар, окутуучулар пикир алмашып, чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүүдө.
Менин оюмча, Пакистандагы жогорку билим берүү системасы көңүл бурууга татыктуу. Ан менен министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеген делегация менен Карачи шаарындагы Ага Хан университетине барганда тааныштым.
Билим берүүнү өнүктүрүү институтунда бир үлгү бар, анын маңызы – бакалавриат адистерди, мисалы, математиктерди гана даярдайт жана таза математикалык дисциплиналарды окутат. Ошол эле учурда бакалавр даражасын бүткөн адам окуу жайда иштей албайт. Дагы 1,5 жыл магистратурада билим алып, анда педагогикалык дисциплиналарды, психологияны, окутуу усулдарын өздөштүрүп, педагогикалык практикадан өткөндөн кийин гана мектепте педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук берген мугалимдик диплом алат. Мындай ыкма башка аймактарда да ишке ашырылууда.
Бул моделди колдонуу менен биз бүгүнкү күндөгү актуалдуу бир катар маселелерди чечебиз. Предметтердин коллабарациясын ишке ашыруу же предметтерди тармактар боюнча унификациялоо 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү билдирет. Башкача айтканда, университеттер, мисалы, математика, физика жана информатика сабагын же биология, химия жана география сабагын бириктирип өтө ала турган мугалимдерди даярдайт. Бул бара-бара аймактар боюнча жалпы окуу китептерин иштеп чыгууга алып келет. Бул жер-жерлерде мугалимдердин жүгүн жана жетишсиздигин чечип, билим берүүнүн сапатын, адистерди даярдоону жакшыртары талашсыз.
Биринчи бүтүрүүчүлөр 2028-жылы күтүлүп жаткан мектептик билим берүүнүн жаңы системасына биротоло өтүү менен педагогикалык дисциплиналарды, психологияны, предметтерди окутуу методикасын жана педагогикалык практиканы окутуу бир жарым жылды камтыган магистратурага которуунун эсебинен бакалавриатта окуу мөөнөтү 3 жылга чейин кыскарышы мүмкүн. Ошентип, окуу мөөнөтү азыркыга салыштырмалуу анчалык көбөйбөйт . Мисалы, көп тилдүү мугалимдерди, орус жана англис тилдеринде предметтерди окуткан мугалимдерди даярдоону эске алуу менен мөөнөттөрдү дагы алты айга көбөйтүүгө болот, анткени бул кадрларды даярдоонун сапатына тиешелүү.
Мындан тышкары, магистратура мугалим болууну каалаган бакалавр даражасын аяктаган бүтүрүүчүлөрдү гана күтпөстөн, башка багыттагы бүтүрүүчүлөр үчүн мугалимдерди даярдоо боюнча билим берүү программаларын ишке ашыра алат. Маселен, программист-мугалим дипломун алып, мектепте информатикадан же педагогикалык дисциплиналар боюнча магистратураны аяктаган юрист коом таануу сабагынан билим бере алат.
Ушул жерден баса белгилеп кете турган нерсе, эгер жаңы окуу жылынан баштап магистратуранын бул моделине өтсөк, анда бакалавриатты аяктагандар окуу жайларда иштей албай калышат. Башкача айтканда, мындай жобо мыйзамда бекитилиши керек.
Биздин азыркы шартта бакалаврда 4 жыл, магистратурада эки жыл окутуп, кимди даярдап жатабыз? Бул деңгээлдеги бүтүрүүчүлөр принципиалдуу түрдө кандайча айырмаланып жатканына толук жооп бере албайбыз. Балким, болгону эмгек акыда бир аз гана айырма болор.
Жогорку билим берүүнүн жаңы моделинин контекстинде бакалавр менен магистратуранын ортосундагы айырма жана алардын милдеттери мурдатан эле көрүнө баштаган. Эгерде бүтүрүүчү математикалык маселелерди чече албаса, анда бул бакалавр даражасындагы кемчилик, ал эми предметти жакшы өздөштүрүп, бирок окутуу усулдары начар болсо, анда магистратура күнөөлүү.
Иш берүүчү адистерди даярдоодогу мындай кемчиликтерди айта алат жана көрсөтүүгө тийиш. Университет алар жөнүндө билиши керек, ошондуктан бүтүрүүчүлөрүнө көз салып, алар менен дайыма байланышта болушу абзел. Алардын профессионалдык абалын сактоо үчүн мугалимдерди кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун жакшы жолго коюлган системасы бар. Башкача айтканда, ар бир мугалим мезгил-мезгили менен, тагыраагы, беш жылда бирден курстардан өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатууга тийиш. Убакыттын өтүшү менен мугалимдер өздөрүнүн предметтик жана педагогикалык билимдерин өркүндөтүү жана коомдун суроо-талаптарына жана керектөөлөрүнө ылайык окуучулардын чеберчилигин андан ары өркүндөтүү үчүн кесиптик жактан өсүү зарылдыгын түшүнүшү керек.
Педагогикалык адистикти артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр дагы жаңы мектептин талабына жооп бербей, жаңы ыкма менен иштей албастыгын бүгүнкү күндүн чындыгы көрсөтүп турат. Демек, бул аларга актуалдуу эмес дегенди билдирет. Билимге болгон мамилебизди өзгөртүп, заман агымына туруштук беришибиз керек.
Биз кесиптештер менен университеттин билим берүү ишмердигинде боло турган өзгөрүүлөргө байланыштуу ушул жана башка маселелерди талкууладык жана окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө институттардын жана кафедралардын жетекчилерин сунуш берүүгө чакырдык.
Бул жерде мамлекеттик стандарттарды жаңылоо, программаларды, окуу пландарын өзгөртүү жана кайра иштеп чыгуу, жаңы билим берүү IT технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча көптөгөн комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл, алар компетенттүү педагогикалык мамилени колдонуу менен иштелип чыгышы керек.
Ошондой эле жаңы окуу-методикалык колдонмолорду түзүү, жаңы усулдарды жана методикалык ыкмаларды иштеп чыгуу, сыноо зарыл.
жогорку окуу жайлары бүгүнкү күндө билим берүүнү трансформациялоо процессине даяр болушу керек. Ал кесиптик жана коомдук турмушта ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон компетенцияларга ээ болгон жаштарды, өлкөнү региондук жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап адистерди даярдоо үчүн негиз боло алат.
"Кут Билим" гезитинин сайтынан да окусаныздар болот
К.Кожобеков,
Ош мамлекеттик университетинин ректору