
Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин “Дана кыз” китебинин бет ачар аземи өттү.
Аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Айтматов таануучу, окумуштуу, академик, сынчы Абдылдажан Акматалиев, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана ырчынын шакирттери катышты.
Кечени Азиз Биймырза уулу алып барып, Жолболду Алибаевдин чыгармачылык изи, ишмердүүлүгү, кыргыз маданиятына кошкон опол тоодой салымы тууралуу кеп курду.
Ал эми Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ырчынын адамдык бийик сапаты, чыгармачылыгы тууралуу айтып, кутуктоосун жолдоду. Калаа башчы Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 15-көчөгө Жолболоду Алибаевдин ысымы ыйгарылганын белгиледи.
“Дана кыздын” баш сөзүн жазган Абылдажан Акматалиев китепте Жолболду Алибаевдин калеминен жаралган лирикалары, обону да, сөзү да өзүнө таандык болгон ырлары, дастандары, арноо ырлары жана автор иштеп чыккан обондуу ырлар топтолгонун айтты.
“Жолболду Алибаев сөздүн чебери экен. Китепте сөз менен обон шайкеш келген, төкмөчүлүк менен жазмакерлик төп келишкендигин көрүүгө болот. Автор утурумдук кызыкчылыктарды четке кагып, өнөрдүн ысык-суугуна чыдап, дастанчы, санатчы, ырчы, акын, аткаруучу, обончу, педагог катары көп тармактуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү ырлардын электрондук нускасы QR код менен тиркелген”, -деди Акматалиев.
Иш-чарада манасчы Рысбай Исаков “Манас” айтса, акындын шакирттери анын чыгармачылыгындагы обондуу ырларды ырдашты. Жолболду Алибаев “Дана кыз” чыгармасын аткарып, өмүрү, чыгармачылыгына салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди.
“Мен Ош мамлекеттик унивеситетинен билим алдым. 25 жылдан бери ушул жерде эмгектенип жатам. Чыгармачылыгымдын өсүшүнө, ушул даражага жетишиме университеттин кошкон салымы абдан чоң. Окуу жайга абдан ыраазымын”.
Ошондой эле ал “Дана кыз” китебин чыгарууга көмөктөшкөн Кыргыз улуттук “Манас” театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Жолболду Алибаев көрүнүктүү ырчы, обончу, дастанчы, термечи, акын, композитор. Ал Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», өзүнүн сөзүнө жазылган «Чолпонум» ашыктык дастандары менен белгилүү. Ошондой эле ыр, санат, дастан, термелерден турган үч жыйнактын автору.