Студенттер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Main News

Студенттер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Image

1-октябрда ОшМУнун №4а жана №4б студенттик жатаканаларында жашоочулар үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү.

Жолугушууга 500гө жакын студент, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын «Ак-Буура» шаардык милиция бөлүмүнүн жана ИИМдин Ош шаары боюнча күзөт кызматынын чыгыш бөлүмүнүн кызматкерлери, жатаканалардын коменданттары, ОшМУнун коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, Аялдар кеңешинин төрайымы катышты.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана ОшМУнун коопсуздук кызматы студенттерге укук-милдеттери, мыйзам бузган учурдагы жоопкерчилик, укуктук кесепеттер тууралуу маалымат беришти.

Студенттерге кысым көрсөтүү, коркутуу, опузалап акча талап кылуу же кандайдыр бир кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо сыяктуу учурларга туш болгондо тиешелүү кызматкерлерге кайрылуу керектиги айтылды. Ошондой эле мындай аракеттер мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келери түшүндүрүлдү. Мындан тышкары укук бузууга күбө болгон учурда кайдыгер карабай, тиешелүү органдарга кабарлоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындай профилактикалык жолугушуулар ОшМУнун бардык кампустарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Жатаканалардагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн патрулдук көзөмөлдү күчөтүү боюнча да чаралар көрүлөт.

 

Photogallery