Гулмира Туленова: спорт менен окууну айкалыштыруу үчүн чыдамкайлык керек

Main News

Гулмира Туленова: спорт менен окууну айкалыштыруу үчүн чыдамкайлык керек

Image

ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин студенти Гүлмира Туленова окуу менен катар волейбол боюнча машыгып, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келет. Жакында ал Жапонияда өткөн Азия оюндарында өлкөнүн курама командасында ойноду. Гүлмира менен студенттик жашоо, окуу менен спортту айкалыштыруу жана алдыдагы максаттары тууралуу маектештик.

— Гүлмира, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жерде төрөлүп, мектепти кайдан бүтүрдүңүз?

— Мен Ноокат районунун Кайрагач айылында төрөлгөм. Ошол эле айылдагы Кеңеш орто мектебинде окуп, мектепти аяктагам. Бала кезим да, мектептеги жылдарым да ошол айылда өттү. Кийин ОшМУнун кыргыз-кытай факультетине тапшырдым.

— Кыргыз-кытай факультетин тандооңузга эмне себеп болду?

— Кыргыз-кытай факультетин тандап алганыма бир нече себеп бар. Биринчиден, билим берүү сапаты жогору, студенттерге жакшы көңүл бурулуп окуу процесси тыкыр көзөмөлдөнөт. Экинчиден, Кытайга барып тил үйрөнүү жана тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу келечегим үчүн чоң пайда алып келет деп ойлойм.

— Кытай тилин үйрөнүүдө кандай кыйынчылыктар болду? 

— Оңой эмес экен (күлүп). Айрыкча иероглифтерди жазуу кыйын. Бир сөздүн айтылышына да көңүл буруш керек. Тондору бар, туура айтпасаң башка мааниге өтүп кетиши мүмкүн. Башында кыйналдым. Азыр деле үйрөнүп жатам. Бирок кызыксаң, аракет кылсаң акырындык менен өздөштүрүп кетет экенсиң.

— Студенттик жашооңуз кандай өтүп жатат? Окуу менен спортту бирге алып жүрүү кыйын эмеспи? 

— Кыйын. Экөөнү тең бир убакта алып кетүү оңой эмес. Бирок ОшМУда окуп жүрүп көп нерсеге үйрөнүп жатам. Жаңы досторду таптым, жаңы адамдар менен тааныштым. Өзүмдү өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк болуп жатат. Спорт жагынан да университет мага чоң мүмкүнчүлүк түзүп жатат. ОшМУнун атынан мелдештерге катышып жатам.

— Эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына көп барасыз. Андай учурда сабактар кандай болот? 

— Кээде сабактардан калып калууга туура келет. Анткени мелдеш же машыгуу башка шаарда, кээде башка өлкөдө болуп калат. Ошондо сабактан артта калган учурлар болот. Бирок калтырган сабактарымды кийин толуктаганга аракет кылам. Окутуучулардан сурап, тапшырмаларды алып, өз алдынча окуп чыгам. Окууну да таштап койгум келбейт. Спорт менен билимди бирге алып кетиш үчүн өзүң аракет кылышың керек.

— Жакында Жапонияда өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын курамында ойнодуңуз. Ушул тууралуу айтып берсеңиз? 

— Мен үчүн абдан чоң окуя болду. Азия оюндарына биринчи жолу катыштым. Ошондуктан толкундануу да, жоопкерчилик да чоң болду. Ал жакта күчтүү командалар менен ойнодук. Мындай ири мелдешке катышуу бизге чоң тажрыйба берди. Мындан ары дагы талыкпай машыгып, жаңы ийгиликтерге жетебиз деп ишенем.

— Өзүң окуган университеттин атынан мелдешке чыкканда кандай сезимдер болот?

— Анын да өзүнчө жоопкерчилиги бар. Анткени күн сайын ошол университетте окуйсуң, ошол жерде билим алып жатасың. Анан мелдешке чыкканда университеттин атын алып чыгасың. ОшМУнун атынан ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтсөм, университетке да салымым тийип жатат деп ойлойм. Ошондуктан ар бир оюнга олуттуу мамиле кылууга аракет кылам. Университетибиздин ийгилигине өз салымымды кошуу мен үчүн абдан маанилүү.

— Күндөлүк жашооңуз кандай өтөт? Студент Гүлмира менен спортчу Гүлмиранын бир күндүк графигиндеги айырмачылыктар кандай? 

— Күнүм көбүнчө эртең менен сабакка баруу менен башталат. Күндүз окуу менен алектенсем, кечинде волейбол боюнча машыгууга барам. Күнүмдүн негизги бөлүгү ушул эки иш менен өтөт. Студент катары билим алууга, спортчу катары машыгууга убакыт бөлүү менин күнүмдүк жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

— Бош убактыңыз болгондо волейболдон жана окуудан сырткары эмне менен алектенгенди жакшы көрөсүз? 

— Ооба, көп эмес (күлүп). Бирок бош убакыт болуп калса чуркаганды жакшы көрөм. Бул мен үчүн физикалык даярдыгымды чыңдоонун дагы бир жолу. Андан сырткары досторум менен убакыт өткөрүп, эс алганга аракет кылам.

—ОшМУну аяктагандан кийин келечегиңизди спорт менен байланыштырасызбы же алган кесибиңиз боюнча адис болууну каалайсызбы? 

— Экөөнү тең алып кетким келет. Биринчи кезекте ОшМУну жакшы бүтүп, өз кесибим боюнча мыкты адис болгум келет. Алган билимимди кийин иш жүзүндө колдонсом дейм. Ошол эле учурда волейболду да таштагым келбейт. Мүмкүн болушунча экөөнү айкалыштырып кетүүгө аракет кылам. Бирок негизги көңүлүмдү өз кесибиме бурам деп ойлойм.

— Спорт менен билимди бирге алып кетүүнү каалаган студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз? 

— Окуу менен спортту айкалыштыруудан коркпогула. Экөөнү тең алып кетүүгө болот. Болгону убакытты туура пайдаланып, сабакты биринчи орунга коюу зарыл. Эч качан кыйынчылыктан тайманбай, алдыга койгон максаттарыңарга жетүү үчүн аракет кылгыла. Спортто да, жашоодо да күчтүү мүнөз жана чыдамкайлык керек. Максат коюп, ошого жеткенге аракет кылсаң, акырындык менен жыйынтыгын көрөсүң. Спортто да, окууда да чыдамкай болуш керек.

— Маегибиздин аягында ОшМУнун студенттерине кандай каалоо-тилегиңиз бар? 

— Биринчи кезекте, бекем ден соолук каалайм. Окууда ийгиликтер көп болсун. Ар ким өзүнүн алдына койгон максатына жетсе экен. Студенттик убакытты туура пайдаланып, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбагыла деп айткым келет. Спортко кызыккандар болсо сөзсүз аракет кылып көрүшсүн. Кыйынчылыктан коркпой, өзүнө ишенип, алдыга умтулуу керек.

 

Маектешкен Зинагул Нуралиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Photogallery