Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү төлөп берүү каралууда.
“Мугалимдик кесиптин 1-курсунда жакшы окуган студентке 1000 сом, 2-курста 2000 сом, 3-курста 3000 сом жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү боюнча биздин сунушубузду министрлер кабинети бир добуштан колдоду”, - дейт ал.
Булак: http://kg.kabar.kg/news/mugalimdik-kesipke-okugan-mykty-studentterge-1-4-mi-somdon-t-l-p-ber-plandaluuda/