М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректордук кызматына техника илимдеринин кандидаты, доцент Турсунбаев Жанболот Жанышович дайындалды.
Ректорду жамаат менен Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тааныштырды.
Жанболот Турсунбаев 1994-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтун аяктаган.
1995-1997-жылдары ОшТУнун автомобиль транспорту кафедрасында лаборант болуп эмгек жолун баштаган.
1998-жылы ОшТУнун кайра жаңылануучу энергияга негизделген электр станциялары адистиги боюнча күндүзгү аспирантурага тапшырган.
2003-2009-жылдары ОшМУнун электр менен жабдуу жана автомобиль транспорту кафедрасында доцент, ОшМУнун физика-техникалык факультетинин окуу иштери боюнча деканынын орун басары;
2005-жылы калыбына келтирилүүчү энергия булактары боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
2009-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын ноябрь айына чейин Физика-техникалык факультетинин автомобиль транспорту кафедрасынын башчысы;
2018-жылдын январь айынан 2018-жылдын август айына чейин физика-техникалык факультетинин деканынын милдетин аткаруучу;
2019-жылдын ноябрь айынан баштап ОшМУнун өнүктүрүү жана инвестиция департаментинин директору;
2021-жылдын январь айынан бери ОшМУнун инвестициялар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору кызматын аркалап келген. Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти.
Турсунбаев Жанболот Жанышовичти жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз. Жаңы башталып жаткан ишиңизди ийгиликтер коштосун.