Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандарды ОшМУ тарабынан даярдалган жатаканаларга жайгаштыруу уланууда. Окуу жайда психолог жана медицина кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ иштеп жатат.
“18-сентябрь саат 10-00гө карата жалпы 326 адам жайгашты. Алардын ичинен 22 жаранды жакындары Бишкек шаарына алып кетишти. Учурда 304 жаран окуу жайдын жатаканаларында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат. Жамааттын колдоосу менен чогулган акча каражатына эң зарыл болгон гигиеналык каражаттар, ич кийимдер, идиш-аяктар алынып шарттар толук каралып жатат. Жаш бөбөктөр менен психологдорубуз иштеп, ар кандай көңүл көтөрүүчү иш-чаралар аткарылууда. 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү 80ден ашуун жаран келип жайгашты. Ысык тамак уюштуруп берем деген ыктыярчылардын, кесиптештерибиздин саны арбын болууда, берешен элибизге таазим этсе болот ”,-деди "ОшМУ Баткен менен" штабынын жетекчиси, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.
Байланыш номерлер:
0773772259
0775076189
0772685768