Ош шаардык мэриясы менен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо сынагында окуу жайдын бүтүрүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу баш байге автоунааны жеңип алды. Нурсултан Акылбек уулу ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетин 2016-жылы аяктап, учурда шаардагы №52 мектеп-лицейинде математика мугалими болуп эмгектенет.
Ал эми Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин 2011-жылкы бүтүрүүчүсү Гүлназ Түленбаева “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” деп табылып, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Бүгүнкү күндө Гүлназ Түленбаева шаардагы №39 “Күн нуру” балдар бакчасында тарбиячы болуп иштейт.
“Жылдын мыкты мугалими-2022" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” кароо сынагына жалпы 12 педагог катышкан болсо, анын тогузу ОшМУнун бүтүрүүчүсү. Бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун атынан Ыраазычылык баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар берилди.Кароо сынак бир нече этапта өткөрүлүп, чечүүчү баскычы бүгүн болуп өттү.